Алдыга озуп чыгабы? Камактагы Равшан Джеенбековдун дымагы боюнча…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент түрмөдө жаткан саясатчыларга ЖК шайлоосуна талапкер болуу укугун берип, коомчулуктун бүйүрүн кызытып койду. Эми андан аркысын кантебиз? “Эрдик кылсаң сүрө кыл” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Равшан Джеенбековго, Илгиз Шаменовго жана Акыл Айтбаевге үгүт иштерине катышууга, элге байланышууга шарт түзүлсө туура болмок. Абакта жатышса да саясатка кызуу аралашып, болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып көрүшсө, элибиз да баа бермек. Баса… “Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” демекчи, жалпы талапкерлердин кимиси марага озуп чыгары азырынча байкала элек. Шайлоо үгүт иштери деле анчейин “боркулдап кайнаган” жок. Тек гана жай ыргакта баратат. Эске салсак, өткөн парламенттик жарышта Равшан Джеенбеков түрмөдө жатып эле 2-орунга чыккан. Мандатты Жаныбек Абиров акчанын, бийликтин күчү менен илип кетени жалганбы? Бул саам деле Равшан мырзанын шансы чоң, аз убакытта кескин кайрылуулар, жаңы идеялар аркылуу элди өзүнө бура алса, алдыга озуп чыгабы? Ансыз да саясый куугунтуктун айынан камакта жатканына көпчүлүк катмардын боору ооруп атса керек. Көрө жаталы. Баа бере турган мезгил али алдыда.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg