Алдамчылыкка шектелген Жеңиш Разаков камакта калтырылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алдамчылыкка шектелип кармалган Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 24-апрелге чейин камакта калтырылды. Разаков №1 тергөө абагында камакта болот.

Буга чейин ал 24-февралга чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков 24-январда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголгон.

Маалым болгондой, милицияга Б.А. аттуу жаран арыз жазып, Разаков 1 млн доллар алып, бербей койгондугун билдирген.

Аргумент.kg