Албек Ибраимовдун үстүнөн чыккан сот чечими өзгөргөн жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун үстүнөн Биринчи Май райондук соту чыгарган чечим өзгөргөн жок. Шаардык сотто 17-сентябрда өткөн отурумда экс-мэрдин камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу чечими күчүндө калды. Адвокат Сергей Слесарев эми Жогорку сотко арыз жолдонорун журналисттерге билдирди.Шаардык сотто отурум өтүп жаткан кезде сыртта Албек Ибраимовду колдогон 50-60 адам нааразылык акциясын уюштуруп, сот ишти жабык жабык карап жатканына нааразылык билдиришти.Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-августта Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу жөнүндө чечим чыгарган. Адвокаты Сергей Слесарев буга каршы шаардык сотко арызданган. Ишти караган соттук коллегия жараянды жабык өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган.Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, ал «Дастан” ишканасын жетектеп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп шек саналып жатат.Албек Ибраимов быйыл 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg