Албек Ибраимов сотто Жээнбековдун рейтингин шайлоодо кантип көтөрүшкөнүн эске салды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Калыс-Ордодогу мектеп эмнеге анчалык бат курулуп бүткөнүнүн кызыктуу версиясын ачыктады Бишкектин Биринчи май райондук сотунда борбор калаадагы «Калыс-Ордо» жаңы конушунда жайгашкан мектептин курулушундагы коррупция боюнча соттук иш уланууда. Соттун жүрүшүндө Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов суракка алынмак. Ал көрсөтмө берүүдөн баш тартып, бирок, соттук жараян боюнча өз пикирин билдирди.
Ибраимов тергөө учурунда андан мектептин курулушун аяктоого кошумча каражат катары бөлүнгөн 140 миллион сом жөнүндө гана суроолор берилгенин айтты.
«Мындай чечим президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун рейтингин көтөрүү үчүн кабыл алынган, — деди мурдагы мэр. — Мен ал кезде социал-демократтар партиясынын шаардык бөлүмүнүн төрагасы болчумун. Бизге Жээнбековдун рейтингин беришкен — ал 3 пайыз болчу. Мына ошондо Бишкектеги социалдык объектинин курулушун бүтүрүп берүү чечими кабыл алынган. Анын үстүнө ал маалда жергиликтүү жашоочулар дагы тынымсыз митингдерге чыгып, мектепти бүтүрүп берүүнү талап кылып жатышкан».
Албек Ибраимов мектепти куруу зарыл болгонун, анткени, балдар «атканада» билим алып келишкенин кошумчалады».
«Шайлоонун жыйынтыктары белгилүү, КСДП партиясынан талапкер жеңишке жетти жана добуштардын басымдуу бөлүгү Бишкектин жашоочуларыныкы болгон. Мектептин курулушу да буга өбөлгө болду», — деп сөзүн жыйынтыктады экс-мэр.
Эске салсак, борбор калаанын мурдагы жетекчилери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов коррупцияга айыпталышууда.
Булак: Вести.кж

Аргумент.kg