Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: «Зомбулукка кабылгандардын көпчүлүгү мигранттардын балдары»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 4-мартта Жогорку Кеңештин “Ынтымак” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында жашы жетпеген балдарга карата жасалган зомбулук мамилеси боюнча Ички иштер министрлигинин жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы угулду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 2021-жылы тергөө органдары тарабынан жашы жетпеген балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 3034 кылмыш иши тергелгенин айтып: “Тергөөнүн жыйынтыгында 534 иш сотко жөнөтүлүп, 1854 иш кыскартылган. Анын ичинен реабилитацияга жатпаган негиздер менен 193 иш, реабилитацияга жаткан негиздер менен 1661 иш”, – деди.

Ошондой эле, жасалган кылмыштардын ичинен жыныстык эркиндикке каршы – 293 кылмыш иши катталган.

Талкуу маалында фракция лидери Марлен Маматалиев “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору тууралуу сөз кылып, анда балдарга карата кылмыш жасагандарга жазаны күчөтүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Муну менен катар көпчүлүк учурда соттор тарабынан балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөр үчүн минималдуу жазалар чегерилип келгенин жүйө келтирди.

Ал эми, депутат Балбак Түлөбаев зомбулукка кабылгандардын көпчүлүгү эмгек мигранттарынын балдары экенин белгилеп: “Ата-энеси чет өлкөгө иштегени кеткен балдарды караган жаран тиешелүү документтерге кол коюп, камкордугуна алгандыгы тууралуу милдеттеме алышы керек. Антпесек, жакындарынан жабыркаган балдар көбөйө берет”, – деди.

Ошондой эле, депутат Лейла Лурова балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү эркиндигинен ажыраткандан тышкары, химиялык кастрациялоо жазасын колдонуу маселесине токтолду.

Мындан тышкары жыйында кароосуз калган балдарга көмөк көрсөтүү, бул жааттагы социалдык көйгөйлөрдү жоюу тууралуу сөз болду.

Жыйынтыгында парламенттик фракция берилген маалыматтарды кабыл алуу тууралуу чечимге келип, бул жаатта керектүү чараларды ишке ашырууга багытталган сунуштар берилди.

Аргумент.kg