Алма сабагынан алыс түшпөйт экен, же Бакыт Сыдыковдун шайлоодо колко кылган тизмеси

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Шайлоо өнөктүгү башталып, депутат болом дегендердин түн уйкусу качып калган кез. Анда санда берген нерселерин колко кылып, эсептеп жаткан кез. Анткени азыр добуш сатып алууга жол жок, жаңы мыйзам боюнча дароо шайлоодон четтетилет. Ошол себептүү айрым бир добуш сатып алып көнгөн талапкерлер кылган иштерин улам эскертип жатышат.
№16 Ноокен бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Бакыт Сыдыков өзүнүн шайлоочуларына брошюраларды таркатып жатат. Алып окусак, мазмуну мындай экен:
Ноокен районунун ар бир айылына, көчөсүнө жардам иретинде акча берген тизме экен. Кудум эле Бакыт Сыдыков кайрымдуулук фондун башкаргандай да. Анын өмүр таржымалында жалаң мамлекеттик кызматтарда иштептир, айлык маянага жашаптыр. Анан кантип ал миллиондогон сомдорду таратат элге. Мейли, элге жардам бериптир дейли, бирок ал акча кайдан келген, кандай жол менен табылган?
Бул жылкы шайлоодо президентибиз добуш сатып алууга жол жок деп талапты катуу койгондуктан, бере турган акчасын бере албай былтыркы шайлоодогу берген акчаларын колко кылган отчеттук брошюрасы экен дегенден башка ой калбады.
Кечээ эле аэропортту май талкан кылып, элдин нааразычылыгын туудурган кишини эми шайлоодогу кылган бул кылыгына үндөбөй карап тура беребизби?!
Ыраматылык, жер жамандап барбасын, атасы Үсөн Сыдыковду 2010-жылкы Ош окуясына себепкер деп жүрүшөт. Анан эң биздин ичибизди ачыштырып, өзөлөнтө өкүндүргөнү эл өкүлү Баяман Эркинбаевдин да өлүмүнө себепкер экен. Жерге коюлуп жатканда апасы “Үсөн Сыдыков менен Бакиев эле өлтурүп койду, баламдын өлүмүнө себепкер” деп кан какшаганын өз көзү менен көргөндөр бар.
Бакыт Сыдыковдун баскан изин, кылган иштерин карап туруп, Кыргыздын “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген макалдын тууралыгына ынанбай койбойт экенсиң. Эгемендүүлүк алгандан бери карт бөрүлөрдөн, алардын бөлтүрүктөрүнөн деги арыла албай койдук го. Булар шайлоодо добуш сатып алып өтүп кете турган болсо, баягы эле миллиардды уурдап, анан элге жардам бердим деп биртике тыйын чачып коймой система улана беребии деген шүүшүн кайгы жүрөктү эзет.

 

 

Касымбек Жумаев

Аргумент.kg