Акыркы суткада өлкө аймагында 32 өрт чыкты

Акыркы суткада өлкө аймагында 32 өрт чыкты

05-аяк оона, 2017-ж // //

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 32 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 33 өрт өчүрүү бөлүм жиберилди, деп билдирди бүгүн, 5-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.
Оштогу Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнүн Ала-Шам аймагындагы сарайдан өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 32 чарчы метр чатыры жана 250 түк чөп күйдү. Адамдар жабыркаган жок.
Өрткө этиятсыздык себеп болгон.
Булак: turmush.kg