Акыркы 10 жылда Кытайга болгон карыз дээрлик 200 эсе өскөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2000-жылдарга чейин Кыргызстан коңшу мамлекеттен ири суммадагы карыз алган эмес. Акыркы маалыматтар боюнча (2019-жылдын май айынын аягына карата), Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карыз 1 миллиард 711,6 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстандын тышкы карызы дээрлик 5,8 миллиард долларга барабар. Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекеттик карыз жыл сайын кантип өскөнүн график түрүндө көрө аласыз. Белгилей кетсек, Каржы министрлигинин сайтындагы 2018-жылдын декабрь айына карата маалыматтар жоголуп кеткендиктен, ноябрь айындагы маалыматтар колдонулду.

Кыргызстан Кытайдын “Эксимбанкынан” алгачкы карызды 1992-жылы 5 миллион доллар көлөмүндө алган. 2000-жылы карыздан толугу менен кутулган. Бирок кийинки жылы кайтадан акча алууга туура келген. 2009-жылдан тарта Кытайдан алынган карыздын көлөмү кескин өсүп, 47 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2010-жылы карыз 150 миллион долларды чапчыган. Ошентип 2019-жылдын майына карата Кытайдан алынган карыз 1,7 миллиард долларга жетти.

Булак: «Факты.кж»

Аргумент.kg