Акылбек Жапаровго таянган жаш бала Улукбек Тилектешов деген ким?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектеги күйүп кеткен башкы прокуратуранын ордуна жыйырма тогуз кабат имарат курулары кабарланды. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров көмүскөдөн кочкорлук иниси Улукбек Тилектешов менен ымдашып, “жашыл жарык” күйгүздүбү? Отузга чыга элек “ишкер” береги курулуштун башында турса, көп нерселерден шек жаралбайбы? Бул объектини жаш бала кайдан өз күчү менен курмак эле? Жердештердин уюшмасы, коррупциялык элементтер ойноп жаткан жокпу? Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров каяктан көзөмөлдөсүн? Ал кимдин таасирдүү буйругу күчтүү айтылса, анан “жашылбайлар” жыттанса ийиле береби? Айтор, кандай гана долбоорлор башталса да, Акылбек Жапаровдун аралашып калганы, артынан күмөн жаратканы кандай? Көп соболдордун бети кийин ачыкталса керек…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg