Акылбек Жапаровдун Ташкентте “иниси” барбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 27-апрелде Ташкентте министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик аппараттын жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстандын президентинин аппарат жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугушту.

Алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле мурунку сапарлардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун мөөнөтүн белгилешти.

Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна даярдыктын жогорку уюштуруу деңгээлин белгиледи.

Өз кезегинде Сардор Умурзаков эки мамлекет башчыларынын өткөн сапарларынын жыйынтыктары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өнүгүшүнө жана кеңейишине күчтүү түрткү бергенин баса белгиледи.

«Менин бир агам бар экенин кесиптештериме айтып келем. Ал улуу агам — Акылбек ака. Бул жолку сапарыңыз менен Сиз эки тараптуу мамилелердин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлин жана сапатын дагы бир жолу ырастадыңыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Сардор Умурзаков.

Аргумент.kg