Акылбек Жапаровдун ордуна Эдил Байсалов жарайбы?

Акылбек Жапаровдун ордуна Эдил Байсалов жарайбы?

05-чын куран, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Өкмөт башчылыгына келип КРнын экономикасын кескин түрдө көтөрөм деп түбүнө чейин ойлонбой туруп, алп убадаларды берип салган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун шайы ооп абалы оорлоп бараткандай. Экономика кескин көтөрүлгөн жок. Өзгөчө азык-түлүккө болгон баалар көтөрүлдү. Элетте эч кандай массалык жумуш орундары түзүлгөн жок. Базар системасындагы ККМ операциясы ийгилик алып келбей эле тескерисинче нааразылыктарды күчөттү. Ушундай оор маселелерден улам жай ортосунда Акылбек Жапаров ээрден шыпырылышы мүмкүндүгү айтыла баштады. Эгер бул жөн эле эмес чындыкка айланса Өкмөттү ким башкарганга келет. Айрымдар Эдил Байсаловду айтышууда. Бирок эскперттер Эдил мырза кыйын сүйлөгөн өңдөнүп тың блогерлер менен айтыша кеткени болбосо экономика жана аны өнүктүрүү жаатында билими да, тажрыйбасы жок деп ачык жарыялашууда.Байсалов болбосо деле КРнын Өкмөтүң башкара алам деген инсандар бир топ.

Булак: Аргумент.кж