Акылбек Жапаров: Жөлөк пулдун айрым түрү жаңы жылдан тарта 200 пайызга жогорулайт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Балдардын социалдык жөлөк пулу жыл жаңыргандан тарта жогорулай турганын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрынан тарта ай сайын социалдык жөлөк пул алган балдардын жана бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жөлөк пулунун өлчөмү 50 пайызга жогорулатылды.

«2022-жылдын 1-январынан тартып ал 100 пайызга, айрым категориялардыкы 200 пайызга жогорулатылат. Бирок биз муну менен эле токтоп калбайбыз, келечекте жөлөк пулдун, пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлге көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», — деген Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча пландары тууралуу да маалымат берген.

Анын айтымында, учурда айыл чарбасында тогуз кластердик багытты өнүктүрүү боюнча иштер башталды. Бул өлкөнү керектүү продукция менен камсыз кылып, беш жылдан соң экспортко чыгууга шарт түзөт.

«Мындан тышкары, 17 миллиард сомго чейинки капитал менен турукташтыруу фонду түзүлөт. Мунун ичинен азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында алты миллиард сомго чейин каражат бөлүп жатабыз. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо иретинде бюджеттин тартыштыгына, пандемияга байланыштуу чыгымдарга карабастан, биз бир катар салыктардан бошотуу, жеңилдиктерди берүү кадамына бардык», — деген Жапаров.

Жапаров Кытайга ата мекендик продукцияны экспорттоону жогорулатууга багытталган иштер жүрүп жатканын айткан. Ошондой эле дүйнөлүк рынокту биринчи кезекте нукура, экологиялык жактан таза продукция менен багындыруу зарыл экенин белгилеген.

Аргумент.kg