Акылбек Жапаров: «Салыктар – бул «жакшылык айлампасы»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кеңейтилген коллегиясына катышты. Коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга карата пландары каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн фискалдык органы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баасын берди. «Биз жаңы салыктарды киргизген жокпуз, салыктын ставкаларын да көтөргөн жокпуз. Салык системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча эбегейсиз чоң иштер аткарылды. Анын натыйжасы көп күттүргөн жок: 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык кызматы тарабынан 207 миллиард 901,6 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулуп, белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашыкча аткарылган. Чогултулган сумма 2021-жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 63,8 миллиард сомго көп”, — деп белгиледи Жапаров.

Ал ошондой эле салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча иштерди белгиледи, анын алкагында 2022-жылдын ичинде контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйдү.

«Учурда 65 миңден ашык ишкер субъектилер контролдук-кассалык аппараттарды колдонот. Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек. Салыктар «жакшылык айлампасы» деп аталат, анткени каражаттар андан ары эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды көтөрүүгө, инфраструктурага, экономиканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукту чыңдоого инвестиция салууга жумшалат. Салыктарды чогултуу 2022-жылы жөлөкпулдардын 2 эсеге көбөйтүлүшүн, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну камсыз кылды. Бул чек эмес – калкты социалдык жактан колдоо боюнча иштер улантылат», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Аргумент.kg