Акылбек Жапаров өзү ойлогондой стратегияны колдоно алдыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мадумаров, Нарматовалардын ызы чуусу көпчүлүктүн ат назарын өзүнө буруп кетип жатат. Алардын же мандатын алып салышпады. Ары же бери кылбай кылып салбаңдатып кармап турат.
Мына ушул кезде министрлер кабинети эмне иш аткарып жатат? Ушул жак болчу биздин негизги көңүл борборубуздагы нерсе. Бирок андан эл алаксып башка жакты карап жатат.
Министрлер кабинетинин башчысы Кумтөрдүн отчетун толук, цифра түрүндө, расмий түрдө ишенимдүү бербей жатат. Ошондой эле налогдо да, жана башка тармактарда да. Бир гана соцтармактарда күүлдөп өнүгүп жатабыз дешет, бирок иш жүзүндө кандай экендигин эч ким билбейт өздөрүнөн башка.
Акылбек Жапаров стратегиялык өнүктүрүү долбоорун ишке ашырам деп ири ишканалардын башкаруу чөйрөсүн жаңылады. Жыйынтык өзү айткандай болгон жок баарыбыз билгендей. Болгону иштеген түр көрсөтүп жатат. Мынчалык кашаң өкмөт стратегиялык өнүктүрүүгө жетише алабы деген суроо туулат. Ушундай кабминдин төрагасы кимге ыңгайлуу. Элибиздин бардык тараптан сабаты ачылган. Эмне кылып жатканын даана көрүп турат. Акылбек Жапаров башкача ой жүгүртүп, өнүктүрүп жиберет дегенге элдин көпчүлүгү күмөндүү жооп берип жатышат.

Аргумент.kg