Акылбек Жапаров кызматтан кетеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экинчи март күнү борборубуздагы кээ бир базардардын соодагерлери митингге чыкты.  Сыртынан баам салып карагандар алардын саны минден ашканын белгилешүүдө. Аларды кайсыл маселе чогулуп чыгууга мажбур кылды? Алар министрлер кабинетинин учурда салык саясатына нараазы экендиктерин билдирип, электрондук товар-транспорттук коштомо кагазын ККМ жана Электрондук эсепфактурага каршы экендиктерин айтышууда. Алар: «Акылбек Жапаров кетсин» ,» Карапайым элди алдаба»- деген лозунгтарды көтөрүп алышкан .Соодагерлер буга чейин дагы ушул маселелер боюнча нараазылыктарын билдирип келүүдө. Эксперттер дагы өкмөткө кайрылбай өз маселелерин өзү чечип жаткан жөнөкөй соодагерлердин мынтип жонунан кайыш тилүү жакшылыкка алып келбейт. Андан көрө колдон келсе жардам бериши керек эле деп баса белгилеп жатышат.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg