Акылбек Жапаров: Кыргызстанда буга чейинки 30 премьер-министрдин билими жок эле…
28-бештин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева30 жылдан бери Кыргызстанда экономика экинчи планга кетип, саясаттын фонунда унутулуп калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында анын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.
«30 жылдан бери 30 премьер-министр келди, , алардын арасында кокусунан келгендер бар. Жетиштүү тажрыйбасы, билими жокторду да көрдүк. 30 жылдын ичинде бизге эмне калды? Чечилбеген чек ара маселелери, 4,7 миллиард доллар мамлекеттик карыз, оор социалдык абал, элди жакшы айыктыра албаган саламаттыкты сактоо, сапатсыз билим, туруктуу жумушу жок элдин кыжырдануусу”, — деди министрлер кабинетинин башчысы.