Акылбек Жапаров “ичип” кетип, акырында арызын жазганы айтылууда
10-жалган куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров бир канча күн “ичип” кетип, соолукканда арызын жазып, президент Садыр Жапаровго барса, канааттандырбай ачуусу келгенби? “Көп убадаларды берип, элдин башын айландырдың, иштейсиң же камаласың!” деген талап койгонбу? Сурап турган кербезибиз. Дал ушул кеп саясый элитанын ичинде дүргүп, чын-бышыгын билбеген адамдардын катарын калыңдатууда. Эмнеси болсо да Акылбек Жапаров “элдин жонунан кайыш тилүүнү” биринчи планга коюп, абадан акча жасачудай эле көпчүлүктү кыйнап жиберди. Калың калк кастарын тигип турат. Ансыз да жакырчылык кокодон алууда. Сыягы, президент дагы эки-үч ай убакыт берип, андан соң тагдырын чечет окшойт.
«Азия Ньюс» гезити