Акылбек Жапаров: «500 тоннадай алтынды Кыргызстандын келечегине калтыралы деп жатабыз»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште «Кумтөрдүн» иши боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрүп жатат. Жыйында ал 5-10 жылда Кыргызстандын экономикасын өстүрсөк дейт.

«Кимдин канча күнөөсү бар сот гана далилдейт. 410 тонна алтын чыгып кетти. Бирок мындан ары 500 тоннага жакын алтынды Кыргыздын экономикасына, келечегине, биздин балдарыбызга таштап кетели деп жатабыз. Дагы бир 5-10 жылдын ичинде Кудай буйруса, Тенгиз Бөлтүрүк менен бир топ пландарды түзүп жатабыз, кошуналардан алган кредиттерди жаап бүтсөк, көп карыз ала бербей, «Кумтөр» аркылуу экономикабызды өстүрүп кеткендей кылып иштеп кетсек болот», — деди депутат.

Сереп.кж

Аргумент.kg