Акылбек Мамасейитов пара менен кармалган “кадрдан” 15 миң доллар алды беле?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаарына караштуу Ак-Буура РИИБнин начальниги Мухамед Төрөходжаевди 20 миң сом пара менен УКМК кармаган. Системада мындай былыктар арбып кетти. Бул чала милиционер 6 ай мурда Ош ШИИБ башчысы Акылбек Мамасейитовго 15 миң доллар берип, жумушка орношкону өздүк курам ичинде айтылууда, ыраспы? Мухамед Төрөходжаев Түштүк Кореядан машина ташып бизнес кыларын баары эле билишет экен. Акчанын артынан кууган эргулду милицияга дайындап, Акылбек Мамасейитов өз билгенин жасап, Ош ШИИБнин ашмалтайын чыгарганы сындалууда. Жетекчилери дайыма коррупцияга, же наркотикти көзөмөлдөөгө шектелишет. Жогорку төбөлдөр жоопкерчилигин карашпайбы? ИИМди ичтен “ириткендер” жазаланбаса, кедери карапайым элге тийип атканы жашыруун эмес. Чечкиндүү кадамдар жасалбай, “кой терисин жамынгандар” ыплас байлыкка маарышты. Ыраатсыздык дагы канчага чейин созулар экен?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg