Актёр Азиз Мурадиллаев каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев жарык дүйнө менен коштошту. Актёр бир нече жылдан бери цирроз оорусу менен алышып келген.

Буга чейин Ассоль Молдокматова Sputnik Кыргызстан агенттигине:

— «Актёр учурда сүйлөй албайт, анын денесинен суюктук бир аздан чыгып жатат. Бирок кыйынчылык менен. Түркиядагы, Россиядагы клиникалар менен сүйлөшүп жатабыз. Боорун алмаштырууга үлгүрүшүбүз керек. Дарыгерлердин айтымында, азыр Мурадилаевге учакта учуу кооптуу. Бизде убакыт өтө аз… Дарыгерлердин уруксатын күтөбүз», — деп билдирген эле.

Эске сала кетсек, Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлгөн эле.

Аргумент.kg