Активист Өндүрүш Токтонасыров аялдын киймин кийип Дашковду издеди
22-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева“Кыргыз Темир жол” ишканасынын мурунку жетекчиси Дашковго кылмыш иши козголуп бирок, өлкөдөн чыгып кеткени маалым болгон эле. Көп өтпөй Дашковдун Россиядагы белгилүү адамдар менен жолугушуусундагы сүрөттөр тарап кеткен. Өлкөнүн мындай чабал иш аракетине нааразы болгон активист Өндүрүш Токтонасыров аялдын кейпинде кийинип Дашковду издеген акцияга чыкты. Андагы активитс Өндүрүш Токтонасыровдун аялдын киймин кийгенин эркек адамга туура келбесин айтып туура эмес көргөндөр да бар. Бирок кийимдин маанисин түшүнгөндөр өлкөнү алсыз аялзатына теңеп чыкканын айтышууда.
ARGUMENT.KG