Актер Чыңгыз Мамаевге каршы козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн бүгүн 6-декабрда «Азаттык» радиосуна Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай чечим «Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн» деген негизде 22-ноябрда кабыл алынган.
Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту жабык карап жаткан.
Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен иш козголгон.
1-апрелде Дулат Кожоев аттуу адам үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан. Бирок биологиялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкканын актердун жубайы билдирген.