Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарды
01-чын куран, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваАксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарды. Бул тууралуу өздүк булактар Турмуш басылмасына билдирди.
Маалым болгондой, Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү мектептердин биринин 7-классындагы окуучусу көз жарган.
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу бул маалыматты ырастап, окуя такталып жатканын айтты.
«Ушундай жаман окуя болуптур. Түндө маалымат келип түштү. Азыр ошол жерде жүрөм. Тартиптик жыйын өтүп жатам», — деди ал.
Көз жарган окуучу кыз менен ымыркайдын абалы жакшы.