АКШнын мурдагы мамкатчысы: Украинаны НАТОго кошуу аракети эң чоң ката болгон

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер Украинаны НАТО мүчөлүгүнө киргизүү аракети олуттуу чекилик болгонун жана ал украин жаңжалына кептегенин билдирди. Бул тууралуу  РИА новости жазды. «Менин оюмча, Украинаны НАТОго кабыл алуу сунушу өтө чоң ката болгон, ошонун айынан согуш чыкты», — деп айткан Киссинжер америкалык Wall Street Journal гезитине берген маегинде. Ошондой эле ал Россия жүздөгөн жылдар бою Европа менен мамиле түзүүдө кош позицияны карманып келгенин белгилеген. Айтымында, РФ Европа менен мамилесин өнүктүрүүгө кызыкдар болгон, бирок ошол эле учурда алардын кыймыл-аракетинен кооптонуп турган. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысынын дагы башка билдирүүлөрү:

Киев Крымды кайтарып алууга аракет кылбашы керек, анткени Украинадан кийин дүйнө үчүн бул анчалык маанилүү эмес;

АКШ өзүн адилеттүү жана тышкы саясатта өзүмчүлдүк максаттарды көздөбөйт деп эсептейт, бирок дүйнөнүн башка өлкөлөрү мындай пикир менен макул эмес;

Учурда Тайвандагы көйгөйдү чечүү жолун табыш кыйын, ошон үчүн азыркы абалды сактап турган дурус.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg