Акчасын эртең берем деп 66 жаштаны аялдын машинасын айдап кеткен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстанда алдамчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта,  ушул жылдын март айында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 66 жаштагы облустун тургуну арыз менен кайрылган. Эркек анын 5000 долларлык Opel үлгүсүндөгү унаасын алып, акчаны бир нече күндүн ичинде кайтарып берүүнү убада кылган. Бирок, бир нече күн күткөндөн кийин ал адам менен телефон аркылуу да байланыша албай калган. Ошондо гана алданганын билип, милицияга арыз жазган.
Бул факт боюнча кылмыш иши катталып, 41-жаштагы шектүү колго түшкөн. Ал буга чейин ИИМдин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуулук топтун мүчөсу болуп чыккан.
Учурда тергөө иши ачылып, убактылуу камоочу жайга киргизилди.
Булак:argument.kg

Аргумент.kg