Акчалуу аялдарга аңчылык кылып аларды колдондум. Жакшы жери эч кимиси арызданган жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ондон ашуун акчалуу аялдардын башын айлантып миллиондогон акчаларын алып кеткен. Бул тууралуу алдамчылык менен абакка түшкөн адам өзүнүн башынан өткөнүн «Астана» телеканалында ачыктаган.
алдамчылык кылган адамдын айтуусунда ал жакшы барларда баремн болуп иштеген. Өзүнүн курмандыктарын ал келип ичимдик ичип кеткен аялдардын төлөм кагаздарынан улам байкап алардын телефон номерлерин тизмектеп жаза баштаган.

«Ичимдик ичип көңүл ачууга келген аялдардын ичимдиктин кымбатына карап алганын, алардын кийингенин, жүрүм –турумдарынан улам каржы жагынан камсыз экенин байкасан болот. Алар дайыма кымбат ичимдикти заказ кылышып, акчасынын суммасына карабай төлөшөт. Аларды тизмектеп алып кийинки келгенинде алардыгн столуна ымбат ичимдик менен менин номерим жазылган кагазды официанттан жөнөтуп жиберем. Албетте алар менин жообуна сөзсүз жооп беришет. Аялдардын 80 пайызын көңүл менен өзүңо байлап алсан болот. Андан кийин алардын артынан чуркап гүл сунуп,а йтор колуңан келишинче көңүлүн ала бересиң. Көп өтпөй бир жумадай жок болуп кетесиң. Андан кийин сенде маселе жаралып жатканын айтасың. Өзгөчө каржы жагынан болуп жатканын айтсан алар тез эле аны чечип берүүгө аракет кылышат. Ошентип алардан каалагандай суммадагы акчаны алып баштайсың, андан кийин акырын куйругуңду түйүп жок болосуң. Жашоомдо мен колдонгон аялдар көп болду, бирок алардын ичинен үч жолу ири суммадагы каражатка чабылгандар болду.  Алардын арасынан бирөө да кийин артыман алдап кетти деп арызданган жок. Мага бул жашо жакты кийинчерээк бекер акчага бангизат да колдоно баштадым. Акыркы жолу байкоостон мен ката кетирип алып колго түштүм”-дейт.

Аргумент.kg