Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыкты
11-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу жактоочусу Акин Авазбеков жергиликтүү басылмаларга билдирди.
Маалыматта, Таштанбековдун иши Свердлов райондук сотунда каралмакчы болду.
«2021-жылдын 31-декабрында Акбөкөн Таштанбеков депутаттык мандатын алып, ант берген. Кечээ анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Тергөө тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Улуттар аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча айыптоо корутундусу чыгарылган. Бирок бул ишке бир дагы жабырлануучунун тиешеси жок», — деди Акин Авазбеков.