Акаев: Түрмөдө акчаң болсо адамсың, болбосо малдай мамиле кылышат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Түрмө өзүнчө өлкө болуп калды. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында абактарды толугу менен радикалдуу реформа кылуу керек.

«Кыргызстанда күн сайын миңдеген адамдар кыйноолорго кабылат. Түрмөлөрдү криминал башкарат. Ал жакта «смотрящий» дегендер бар. Мына ошолор менен сүйлөшкөндөн кийин гана ысык сууга жууна алышат. 100 сом берсең жууна аласың, бербей койсоң муздак суу берип коюшат же таптакыр жуунбай каласың. Ата-энеси берип жиберген тама-ашты ошолордун уруксаты менен гана киргизет. Тамакты эртең менен ысык кезинде алып келишет, акча берсең дароо, бербесең кечинде муздап калганда киргизишет. Кыйноо да мунун баардыгы. Карабайсыңарбы, тыйбайсыңарбы ушуларды. Кантип көрбөйсүңөр ушундай нерселерди. Ал жакта жалаң криминал жана акча», — деди депутат Акаев.

Аргумент.kg