Ак жаандан улам 13 турак үйдү сел алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Нөшөрлөп жааган жаандан улам 13 турак үйдү сел каптады. Бул тууралуу Өнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 2022-жылдын 15-март күнү саат 11:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен карлар ээрип, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 111-чакырымында жолдон аккан суулар Жаңы-Базар айылынын Алтын-Казык тилкесиндеги 48 турак үйдүн короолорун каптап,  анын ичинен 1 турак үйгө суу кирип, 6 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралган. Ошондой эле Курулуш айылынын Ак-Тилек көчөсүндө 13 турак үйдүн короолорун каптап, 5 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралган, Кара-Ой көчөсүндө 6 турак үйдүн короолорун каптаган. Чаткал райондук №81 ӨКБдан 4 куткаруучу жергиликтүү тургундардан 57 адам, токой чарбасынан 5 кызматкер, медицина кызматынан 5 кызматкер, ИИМден 7 кызматкер, Чаткал айылынан 1 жүктөгүч, 1 трактор жардам күч тартылып, суулардын нугу бурулду. ошондой эле короодордо көлчүккө айланган суунун мотопомпанын жардамы сордурулуп турак улөрдү суудан тазалашты. Кеч киргенине байланыштуу саат 20:18де жумуш токтотулган, бирок жамгыр жаап жатканын абайланыштуу суу каптоо коркунучу сакталууда жана жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөл уюштурулган.

Булак:argument.kg

Аргумент.kg