Айжан Чыныбаева: «Зарыл жумушу болбосо улгайгандар сыртка чыкпагыла»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Зарылчылык болбосо жашы 55 жогору болгон жарандар  көчөгө ашыкча чыкпашы керек»-деп билдирүү жасады Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева .
Вице мэрдин айтымында, коронавируска чалдыккандардын саны күн сайын арбып жатат. Андыктан коомдук жайларга баруу коркунуч жаратпай койбойт. Айрыкча, улгайган адамдар үчүн өмурун тобокелге салуу менен барабар.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун орун басары Айнагүл Рыскулова борбор калаадагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы жагымсыз деп бааланып жаткандыгын белгиледи. Акыркы суткада коронавирустун 77 учуру катталды. Ошол эле учурда, ал шаардыктар алгачкы клиникалык белгилер пайда болгондо ооруканаларга өз убагында бара башташкандыгын баса белгиледи.
Булак:argument.kg
 

Аргумент.kg