«Апамдын махабаты» сериалындагы ролунан кийин актриса катары таанылган Айжан Акылбекова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
«Дагы бир жолу турмушка чыгам деп эч качан ойлогон эмесмин. Бирок Кудайдын өзүнүн планы бар экен. 10 жылдан ашык жеңил эмес жылдар өттү. Бул туурасында кээ бир адамдар билчү. Ачыктап коюну чечтим», — деди ал.