Айжан Акылбекова: «Касым Тыныстановдун дагы денесин жанчып, манжаларын сындырып, кыйнагандарын эстедим»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Актриса Айжан Акылбекова “Жалган жалааны мойнуна алдырабыз деп, Касым Тыныстановдун дагы денесин жанчып, манжаларын сындырып, кыйнагандарын эстедим”,- деп кыйноолорго кабылган кыргыздар тууралуу пикирин билдирди.

“Түнү менен ойлор уктаткан жок! Жөнөкөй мусулмандарды деле, ушунтип террорист кылып коюшат. Жан таттуу да, жаның кыйналганда, айт дегенин айтып, жаз дегенин жазышат да, байкуштар. Жалган жалааны мойнуна алдырабыз деп, Касым Тыныстановдун дагы денесин жанчып, манжаларын сындырып, кыйнагандарын эстедим. Гапар Айтиев менен Алыкул Осмонов ачарчылыкта, өздөрү ичпей-жебей, Бул музыкант жигиттин окуясы менен көп нерселерге көздөр ачылды деп ойлойбуз! (эгер чындап эле ага окшош бирөө болбосо) Бардык нерсенин артында жакшылык бар!”- деп инстаграм баракчасына жазды.

Аргумент.kg