Айымдардын узак жашоо сыры

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Туура тамактануу
Рационуңузда түрдүү мөмө-жемиштер, калориялуу тамак-аштар жана жашылчалар болгону оң.
Кыймыл-аракет жасоо
Эртең менен турганыңызда жок дегенде 10 мүнөт көнүгүү жасаңыз. Аэробика, фитнес, сууда сүзүү ийримдерине жазылып, жумасына эки жолу барыңыз. Кечкисин жөө басууну адатка айлантыңыз. Кыймыл-аракеттерден башка өзүңүздүн сүйгөн ишиңиз менен алектениңиз. Ар дайыма изденүүдө, бир орунда турбай өнүгүүдө болуңуз. Мисалга, роза гүлдөрүнүн жаңы сортторун ойлоп табыңыз.
Зыяндуу адаттардан алыс болуңуз
Мисалы, ичимдик ичүү, тамеки чегүү сыяктуу. Кечинде чөнтөк телефон кароодон алыс болсоңуз уйкусуздукка кабылбайсыз.
Өзүн-өзү жакшы көрүү
Аял киши күнүгө эртең менен турганда, өзүнө-өзү мыкты маанай тартуулап, мен сулуумун деп турушу керек.
Ар түрдүү оорулардын алдын алыңыз
Жылына бир жолу гинеколог, кардиолог, невропатолог жана тиш доктурларынын көзөмөлүнөн өтүңүз. Кан басымыңызды өлчөтүп, кан анализдерин бир жылда бир жолу тапшырып турганыңыз жакшы.
Жакын адамдарыңызга жылуу маанай тартуулоо
Сүйүктүүңүзгө жана жакын адамдарыңызды канчалык жакшы көрүүңүздү эскертип туруңуз.
БУЛАК: barometr.kg

Аргумент.kg