Айымдардын сөйкө жана шакекти тагынганына жараша мүнөздөрү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аялзатын сөйкө, шакексиз элестетүү мүмкүн эмес. Табитине, тандоосуна жараша ар бир аял ар кандай аксессуарларга жакын.
Айымдардын шакегине жараша мүнөзүн аныктаса болот.
Сөйкө
Үч бурчтуу формадагы сөйкө тагынган аялдар ойго келбеген нерселерди жасаган, чорт мүнөздүү келишет.
Төрт бурчтуу формадагы сөйкөнү өзүнө-өзү ишенген, алдыга умтулган аялдар жактырышат.
Тегерек форманы токтоо, оор басырыктуу аялдар тагынышат.
Эллипс формасын тандаган аялдар эмоционалдуу, бирок ишенимдүү келишет.
Оролгон, түшүнүксүз формадагы сөйкөнүн ээлери өзүнө-өзү өтө ишенбеген, бирок башкалардан айырмаланган өз көз карашы бар аялзаты болот.
Шакек
Баш бармакка салынган шакектин ээси өзүнө көңүл бурууну, элден өзгөчөлөнүп турганды жактырган жана өз күчү менен көп нерсеге жетишкиси келген айым болот.
Сөөмөйгө салынган шакектин ээси активдүү, өзүн эркин алып жүргөн, башкалардын арасында өзүн кыйын сезип, өзүн көрсөткүсү келген аял болот. Булар кайсы убакта эмне кыларын билишет. Анын каалоосу баарынан жогору турат.
Ортонго салынган шакектин ээси өзүн-өзү сүйүп, даңктап, барктай билген аялдар болушат. Алар бийликке умтулган, шашма, өз оюн бербеген аялдар.
Аты жокко нике шакегин тагынуу салтка айланган. Андан сырткары башка шакекти тагынуудан көп нерсени билсе болот. Мисалы, кичине көлөмдөгү шакек өзүнө жана түгөйүнө ишенбеген аял экенин билдирет. Ал эми көлөмдүү көзгө тез урунган шакек өзүн гана ойлогон, баарын өзүнө гана алгысы келген аял экенин билдирет.
Чыпалакка салынган шакектин ээси – искусствого кызыккан, коомдо өзгөчө орунга, жакшы жашоого умтулган аялзаты.
Булак: «Барометр.кж»

Аргумент.kg