Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков ээлеген кызматына татыбаган кадр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Учурда КРнын  бир далай ММКларында Айыл  суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековду сындаган материалдар арбын жарялана баштады. Көрсө ал өткөн жылы бюджет түзүлүп жатканда айыл чарбасына 29 миллиард сом бөлүнгөндө «Мен КРны азык-түлүктүн жети түрү менен өзүн өзү камсыз кылганга жетишем» деп убада берген экен. Ал эми факты жүзүндө кандай болду өлкө өзүн өзү жети эмес  үч эле азык-түлүктүн түрү менен камсыздай алды. Бөлүнгөн көп суммадагы акча кайда жумшалганы деле так дайындуу эмес. Жаныбеков болсо өзүн пиар кылып радио-телеканалдарга көп маек берип, иш алдыга жылат деп айткандан тажаган жок. Азыр азык-түлүк коопсуздугу татаал ахвалда турат. Азык-түлүктүн 70% башка жактан ташылып келет. Агрардык өлкө болгондон кийин КР айыл-чарба товарларын чет өлкөлөргө көбүрөөк чыгарышы керек да бул боюнча министрлик эч кандай программа түзүп, аракет кылган жери да жок. Бул өлкө үчүн өтө маанилүү тармакты алдыга жылдыруу жалпы экономиканы кескин көтөрмөк. Өлкө жетекчилиги айыл-чарба тармагын  мыкты жетектеп кете турган кадр таппай убада болуудабы? Коркпой эле Жаныбековду ордунан жылдырып тармакты мыкты түшүнгөн адисти алып келүү эчак эле  бышып жетилген маселе.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg