Айсулуу Тыныбекованын күмүш медалын тагынып сүрөткө түшкөн Мелис Турганбаевге сындар айтылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын эмоция тартуулаган сүрөттөрү, видеосу интернетке жайылууда. Алардын арасында мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин балбан кыз менен түшкөн сүрөтү талкууга алынды. Тагыраагы, көпчүлүк Мелис Турганбаевдин балбандын күмүш медалын тагынып сүрөткө түшкөнү этикага туура келбейт деп сындашууда.

Эркин күрөш боюнча “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарында мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту. Балбандын финалдык беттеши 4-августта Бишкек убактысы менен саат 17:55те орун алган. Анда Айсулуу Тыныбекова Юкако Каваиден намыс талашып, эсеп 3:4 эсебинде Каваинин жеңиши менен аяктады.Бул эгемендүү кыргыз тарыхындагы үчүнчү күмүш байге.

Аргумент.kg