Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты

03-баш оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында жарым финалга өттү.

Ал бүгүн, 3-августта 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып жатат. Бул салмакта жалпысынан 16 спортчу катталган.

1/8 финалда Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, 8:0 эсеби менен жеңишке жетишти.

Чейрек финалда румыниялык спортчуну туше менен жеңди.

Эми Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кармашат.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.