Айсулуу Тыныбекова атын жамынган фейк аккаунт акча жыйноого киришкенин билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Көпчүлүктүн  көңүл чордонуна орногон балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын атынан ар кандай оюндар уюшулуп жатканы аккаунттар фейк экени тууралуу балбан кыз өзүнүн баракчасынан кайрылуу жасады.

Анда ал белгисиз адамдар анын атынан фейк аккаунт түзүп, анын атын пайдаланып акча каражатына байланыштуу ар кандай жалган маалыматтарды таратып жатканын билдирген.

“Урматтуу достор!

Менин атымдан белгисиз адамдар Фейсбукта фейк баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм.

Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат.

Жалпы катталуучуларымдан скриншоттордо көрсөтүлгөн баракчага кирип “Пожаловаться” баскычын басып коюуну суранам.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!”-деп жазган.

Аргумент.kg