Айнура: «Чыңгыз мен сизди сүйөм. Сиздин жагымдуу…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чыңгыз байке, сиз менин идеалымсыз. Чыныгы жигиттиктин, мырзаларга мүнөздүү жагымдуулуктун образын сиз аркылуу элестетем. Ишенсеңиз, мен дипломаттык кесипти сиз үчүн тандап алгам. Ата-энем экөө тең медиктер. «Сен да медакадемияга тапшыр» дегендерине болбой, эл аралык мамилелер бөлүмүнө тапшыргам.

Мен сиз менен чогуу иштегим келет. «Айнура» деген жагымдуу үнүңүздү күн сайын угуп, күн сайын сизге кофе ташыгым, расмий жолугушууларга бара турган болуп калганыңызда костюмуңузга төп келчү көйнөк, галстук тандап, чачыңыздан бери тарап бергим келет.

Бирок, мындай оомат мага эмес, башка бирөөнүн бактысына туш болгонуна ичим күйүп, ызам кайнап, эч кимге көрүнбөй ыйлап да алам.

Мейли, сиз менен чогуу иштеген мага насип кылбаса да, иши кылып бар болуңуз! Сизди жок дегенде телевизордон көрүп турганыма каниет кылам. Ошол да мага чоң бакыт, зор кубаныч!

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg