Аймактын бүтүндүгүнө, элдин ынтымагына доо кетирген ММК кызматкерлери бар

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Биздин коомубуздун күзгүсү журналисттер дешет. Бирок ошол эле учурда журналистиканын кадырын кетирген айрым бир топтор да жок эмес.
Алар үчүн мамлекеттин пайдасы, жалпы улуттун ынтымагы деген нерсе жат көрүнүш. Албетте, сыртынан аябай күйгөн мекенчил, эл ынтымагы деп күйүп быша беришет. Кеп алардын жүрүш турушу менен кылган ишинде болуп жатпайбы.
Сиздер окурмандар, Болот Темиров деген журналист, акын Болот тууралуу окшойт деп түкшүмөлдөшүңөр мүмкүн. Жок, таптакыр алар тууралуу эмес.
Ачыгын айтканда сырттан келген бейөкмөт уюмдар каржылаган журналисттерден кем калышпаган мамлекеттин мите курттары бар. Алар Кыргызстандын бардык ММКларында орношушкан. Кези келгенде бир эле команда менен трайбализмдин отун жагып, ак жеринен каралоо, же болбосо кылмышкерди сүттөн ак кылуу аракеттери көрүлөт. Муну биз кылмыштуу топ деп атасак да болот. Тымызын элди бөлүү, региондук жик менен саясат кылуу бул топко мүнөздүү иш. Иликтөөбүз чала болбошу үчүн дагы да тактоону улантабыз. Бул нерсе элдин ынтымагы, аймактын бүтүндүгү үчүн кооптуу нерсе! Биздин жарандар, күч органдары бул нерсеге көңүл буруп дыкат изилдесе өлкө үчүн пайда болмок.

Токсонбай Миңгилдиев

Аргумент.kg