Айгүл Чалова: “Бузукулардан улам үй бүлө бузулду”

Айгүл Чалова: “Бузукулардан улам үй бүлө бузулду”

14-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Жакында эле ырчы Айгүл Чалова жеке жашоосунун сырдуу түйүнүн өз баракчасына ачыктап чыкты. Instagram баракчасындагы постто үй-бүлө бузган адамдар тууралуу сөз козголгон. Канчалык жашырууга аракет кылган менен анын: «Үй-бүлө бузулбасын, ортодо бузукулар болбосун. Бардык үй-бүлө бактылуу болсун. Менин дагы бактылуу болгум келет. Экөөбүздүн бактыбыз кызыбызды бактылуу кылат», — дейт ырчы айым. Буга чейин жолдошу экөө тил табыша албай эки айрылыш жолго түшкөнүн айтып чыккан. Бирок себеби туңгуюк бойдон калган эле. Бул сөздөрдөн кийин ырчынын үй бүлөсүнүн ажырымына бирөөлөрдүн кийлигишүүсү да өз салымын кошконсуп турат.

АRGUMENT.KG