Айгүл Асанбаева, Садыр Жапаровдун жубайы: «Атамбаев Садырдын атасына топурак салууга уруксат бербей коюу менен пастыгын, карөзгөйлүгүн, майдачылын дагы бир жолу көрсөттү»

— Садыр Нургожоевичтин атасы өткөндө Атамбаев ага топурак салууга уруксат берген жок.
— Кайнатамды жерге берип жатканда көп адамдар катуу капаланышып, ушу сөздү айтышты Кызыл кыргын болуп жатканда деле, сөөктү жерге берүү үчүн согушту токтотуп турат экен, өлгөн адамга акыркы жолу сый көрсөтүүгө. Атамбаев уруксат бербей коюу менен пастыгын, карөзгөйлүгүн, майдачылын дагы бир жолу көрсөтүп алды. Атасынын жаназасына уруксат бербей коюп өч алдым дегени жаңылыштык. Атабызды тууган-урук, достор, миң чакырым алыскы Лейлек, Баткенден, Чаткалдан аксакалдар, жаштар болуп, айтор, жумурай-журттан көп эл келип, өзгөчө урмат-сый менен узаттык. Акылы кыска Атамбаевди болсо, өзү айткандай, Кудайга койдук…
— 25-мартта Садыр Нургожоевич келбей койсо болбойт беле?
— Мындай пикирди айткандар абдан көп болду. Мен да ушул маселени көп жолу ойлондум. Садыр күнөөлүү болуп туруп, башкаларга окшоп, келбей койсо бир жөн. Бул жерде бир акылмандын сөзү эсиме келет. Атадан 3 бала төрөлөт дейт: биринчиси — ​жанын баккан; экинчиси — ​малын баккан; үчүнчүсү — ​элин баккан. Биринчи уул сары чырмоок сыяктуу өз жанын багыш үчүн башкаларды муунтуп, бирөөнүн ырыскысын өзү гана жеп, башкаларды эмне болсо болсун, мен жакшы болоюн дейт. Мал баккан уул терек сыяктуу. Байлыгына чиренип, тегерегине көлөкөсүн түшүрөт. Ал эми эл баккан уул мөмөлүү дарак сыяктуу. Мөмөлүү даракка ар дайым таш ыргытылып, ар кандай сөздөр айтылат. Бирок, ошондо да таарынып калбай, кийинки жылы да көп мөмө берет. Канчалык мөмөлөгөн сайын шагы ийилип, бүт адамдарга пайдасын тийгизет. Садырды эл баккан уул деп билем. Эли үчүн кызмат кылууга сөзсүз келиш керек болчу да…
Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg