Айдоочуларга жол эрежеси кайрадан түшүндүрүлүп жатабы?
01-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваКызыл-Кыя шаарында айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, Кызыл-Кыя ШИИБу боюнча ЖКККБнун кызматкерлери 2022-жылдын 28-февраль күнү жүргүнчү ташыган унаалардын техникалык абалын текшерүү максатында Кызыл-Кыя шаардык ЖТАУМде кичи автобустарга комплекстик жана контролдук текшерүү өткөрүштү. Анда техникалык абалдары оң эмес унаалардын айдоочуларына Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулду. Андан сырткары, Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы автобекеттерге барып айдоочулар менен жүргүнчүлөр арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.