Айдоочу 14 800 сом өлчөмүндөгү акчаны, ээсине кайтарып берди

Айдоочу 14 800 сом өлчөмүндөгү акчаны, ээсине кайтарып берди

04-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкектин №100-маршруттук кичи автобустун айдоочусу жүргүнчүсү таштап кеткен капчыкты кайтарып берди.Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочу капчыктын ээсин табуу үчүн ,жумушчу топко кат жазып,капчыктын ээсин тапкан.

Маалыматка ылайык,№100-маршруттук кичи автобусту айдоочусу Нургазы Мустапаев аттуу жаран.Ал таап алган капчыктын ичинде жалпы 14 800 сом болгон.

Ошондой эле , капчыктын ээси Мустапаевке жеке атынан сыйлык берип, ал акчаны карыз берүү үчүн алганын айткан.

Булак:Аргумент кж