Айдар Акаевдин сөөгү алыскы Москвада калды.

Айдар Акаевдин сөөгү алыскы Москвада калды.

10-бирдин айы, 2020-ж // //
Экс-президенттин уулу үч күн мурда жүрөгү кармап көз жумган. Анын сөөгү Троекуров көрүстөнүндө жерге берилди.
 8-февралда, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилди.
Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары жана туугандары катышты.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барарын сураштырган.
Экс-президенттин уулу Айдар Акаев 2020-жылдын 5-февралында эртең менен көз жумган.