Айбек Маткеримов: «Украинадагы кыргызстандыктар элчилик менен байланыша албай жатат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бизге эчилик менен байланыша албай жаткан Украинадагы кыргызстандыктар кайрылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов билдирди.

«Мен министрлер кабинетинен биздин жарандардын бул көйгөйүнө көңүл бурушун суранам, жардам сурап кайрылган кыргызстандыктар элчилик менен байланыша албай да жатат», — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Украинада аскердик абал киргизилгени кабарланган

Эске салсак, 21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

24-февралда таңга жуук Орусиянын президенти Владимир Путин кайрылуу кылып, Донбаста атайын аскердик операция жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда кабыл алынды. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер Референдум делген добуш берүү өткөрүп, өзүн-өзү Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы деп жарыялашкан.

Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат.

Аргумент.kg