Айбар Султангазиев: “Омикрон” абдан тез жугат, онлайн билим берүүгө өтөлү”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Ооруган элдин саны көбөйүп, өлкөбүздөн “омикрон” штаммы да катталды. Симптомдору кандай? Алдыдагы күндөргө карата божомолдоруңуз барбы?

— “Биздин мамлекетке “омикрон” штаммы келген окшойт” деп мен бир жума мурун кабарлагам. Жаңы жылдан бери ооруп жаткан адамдардын саны көбөйдү. Экинчиси, симптомдору ковиддин мурунку штаммдарынан башкача. Анын ичинен тамак ооруганы, дене табы көтөрүлгөнү, анан баш оору. Бул белгилер көп кездешип жатат. Башка штаммдарга караганда жугуштуулугу он эсе күчтүү.   “Ветрянка”, “корь” деген оорулар бар. Бул оору ошол жугуштуу оорулардан кийинки орунда турат. Ошол себептен бул штамм менен абдан көп адамдар ооруйт. Европада 6-8 жуманын ичинде ошол жакта жашаган адамдын 50%ы ооруйт. Ал жакта 470 миллиондой эл жашайт. Бир жарым айдын ичинде 200 миллион адамга жугат. Мурун ооругандар да, оорубагандар да, баары ооруйт. Ушундай акыбал бизде да болот. Штамм деген эки күндүн ичинде эки эсе көбөйөт. Эгер биздин тест чыгаргандар туура каралып, бүгүн 500 деп чыкса, бүрсүгүнү 1000, дагы 2-3 күндөн кийин 2000 анан 4000 болуп кескин көбөйөт. Бир жарым айдын ичинде ооругандардын саны 100 миңге чейин жетет.

Бирок бул штамм жеңил өтөт. Ылдый өпкөгө өтүп кетпейт. Өлүм азыраак болот. Ооругандардын саны көп болгон үчүн биздин саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине чоң күч келет. Ошол себептен алар тезинен койкаларды даярдап, дарыларды запасташы маанилүү. Ушул эки чараны тез арада көрүшү зарыл.

— “Омикрон” штаммынын балдарга таасири кандай?

— Балдарга таасири оорураак. Азыр балдарды жакшы карап, сак болуш керек.   Бул штаммдан эми эч жакка жашына албайбыз. Бул толкун элдин көбү ооруп чыкмайынча 2-2,5 айга чейин созулат. Анан буюрса ковид акырына чыгат. Акырындан 30-40 адамдан ооруй беришет. Бирок негизинен ковид бүтөт. Эки ай аралыгында дүйнө жүзүндө, анын ичинде бизге да кыйын болот. Элдер “сасык тумоо болуп калдым” деп ойлойт. Айыгып кетишет. Бирок бул оору эски ооруларды козгоп, кесепеттери калышы ыктымал. Кесепеттери айрыкча ички органдарга терс таасирин тийгизет. Өпкө, жүрөк, бөйрөк, кан ооруларын козгойт. Ошон үчүн сак болуп, убагында дарыланган оң.

— Бул эки жарым ай аралыгында экономикага таасирин тийгизбей койбосо керек?

— Экономикага терс таасири да чоң. Иштеп жаткан адамдар жамааты менен жалпы ооруп калуу коркунучу бар. Көп мекемелердин жумушу убактылуу токтоп калат. Адам 10-15 күн ооруп өзүнө келгиче, жумушка чыккыча ушундай убакыт өтөт. Ошон үчун даяр болушубуз керек.

— Балдарга оорураак тийсе, онлайн билим алууга кандай көз караштасыз?

— Негизи мен ушундай сунуш киргиздим. Кезек-кезеги менен онлайнга өткөргөн оң. Мисалы, бала бакчалар иштей берсе болмок. 1-3-класстарды, же ЖОЖдорду убактылуу онлайн билим алууга өткөрүп, байкаштырып, той-топурга ыксыз чогулууну токтото турууну сунуштайм.

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg