Аялын бычак менен коркутуп сабаган чет элдик изделүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИМ. Аялын бычак менен коркутуп сабаган чет элдик изделүүдө, – Биринчи Май РИИБүнун Басма сөз кызматы

2022-жылдын 14-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБне Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүнүн тургуну 1994 жылы туулган Д.М. арыз менен кайрылган, анда 2022-жылдын 14-март күнү саат 00.00 чамасында жогоруда көрсөтүлгөн даректен күйөөсү Турция мамлекетинин жараны Б.Х. төрт саат бою үйүнөн сабап, денесине залакат келтирген.
Маалымат Биринчи Май РИИБне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүмү (Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) менен катталган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Шектүү жаран күйөөсү Туркиянын жаран издөөгө алынды.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу күйөөсү аны сабап өлтүрүүгө аракет кылганын өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык ал жолдошу менен 7 жыл бирге жашаган. 5 жыл бирге жашаган соң күйөөсү алгачкы жолу ага кол көтөргөн. Ортодо экөө эки ара жолго түшүшкөн. Бирок ортодогу бала үчүн жана күйөөсүнүн кечирим сурап ага экинчи мындай кайталанбастыгын убада бергени үчүн ал күйөөсүн кечирип, бирге жашоону уланткан.Жабырлануучунун айтымында күйөөсү аны сабап, алдын ала ысытылган бычакты бетине баскан.Жаран күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазганын айтып, айымдарды мындай кордукка чыдабай, ачык айтууга, күчтүү болууга чакырган.

Аргумент.kg