Аялымдын арбагы жашоо бербей жатат!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Силерге калп мага чын! Бул окуя менин жашоомду бузганы калды. Жаманбы жакшыбы жубайым экөөбүз 5 жыл жашадык.
Аялым экөөбүз айылда сүйүшүп жүрүп баш кошконбуз. Айылда бир аз тургандан кийин шаарга бөлүнүп кеткенбиз өзүбүзчө оокат кылалы деп. Экөөбүз тең иштейбиз, эл катары жашап жаттык. Ортодо бир кыздуу болдук. Кубанычыбызга чек жок, абдан бактылуу элек. Өзүм жалгыз иштеп багып жаттым, аялым Жазгүл үйдө кечке кызыбыз менен. Айлар өтө берди, Жазгүл мурдагыдай чырайлуу эмес өңү бузула баштады. Жүзү карайып да кетти. Бала кароо түйшүк иш ошондонго деп ойлоп койом. Кызыбыз да көбүнчөсү түнү ыйлайт. Уйкуга канбай мен эрте кетип кечинде эле келем. Акыркы күндөрү Жазгүл абдан чарчадым, кечке бала карап отуруп эле шайым ооп калат деп даттанат. Бир күнү кызыбыз ооруп калды. Ооруканага жатып дарыландык. Аялым ого бетер арыктап, карайып болбой калган. «Сен да текшерилсеңчи өңүң жакшы эмес» деген сөздөрүмө баары жакшы эле деп көңүл деле бурчу эмес. Кызыбыз ооруп улам доктурга жатып калат. Каргаша болуп бир күнү кызыбыз каза болуп калды! Ээх, кандай гана жаман сокку болду. Мындай болот деп эч күткөн эмеспиз. Бир оорудан улам өтүшүп кетип о дүйнөгө кете берди. Мен да элдин балдары ооруган жөнөкөй эле оору деп көп көңүл бурбай жүрө бериптирмин иштеп. Катуу стресске кабылдык. Аялым турбай жатып калды. Күнү-түнү ыйлайт. Мени кичине болсо да иш алаксытат. Жазгүл үйдө жатып кызыбыздын артынан ал да тура албай ооруп калды. Бир нече ай өтүп кетти. Бир күнү доктурга барсак Жазгүлгө да жаман диагноз коюшту! Жумушумду таштап бардык аракетимди кылдым, бирок көп өтпөй ал дагы мени таштап кете берди… Кандай жаман — жакын адамдарыңды жоготкон! Бул дүйнөдө жалгыз, эч кимге керегим жоктой сезилип, жашоонун даамы сезилбей калды. Жазгүлдү жерге бергенден кийин 40 күндөн кийин ал менин түшүмө кире баштады. Күн сайын түшүмө кирет. Баягы бактылуу кездегидей эле жүргөн болуп башталат да анан аягы жаман болуп бүтөт түшүм! Күн сайын ошондой, жакшы эле жүрөбүз, анан эле ал жез кемпирге айланып мени муунтуп өлтүргөнгө аракет кыла баштайт. Менин колдорум кыймылдабай, буттарым байланып эч каршылык көрсөтө албайм. Капкара желмогузга айланып алып, ачуу айкырык менен кубалайт артыман. Жетип алып өлтүрүп жей тургансып келет, жалдырап, токтот дегениме такыр болбойт! Түнү менен аны менен алышып отуруп таң атат. Тердеп ойгоном, турсам алым да кетип калат кадимкидей. Уктай албай да калдым. Жалгыз жашагандан коркуп, туугандардыкына көчүп кеттим. Уктагандан кадимкидей коркуп калдым. Көзүм илинсе эле келет аялым. Аялым деп да айтканга болбойт, жез кемпир кадимки эле. Жакындарга айтсам ошондой болот, бул стресс сен жакын адамдарыңан айрылдың деп коюшту. Бир эжем молдого окут деп калды. Молдого дем салдыргандан кийин кичине түш азайды. Кээ бир күндөрү түш кирбей тынч уктайм.
Анан.кж

Аргумент.kg