Аялымды бирөө менен жолугуп жүргөнүн байкап, аңдый баштадым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Үйлөнгөнүмө беш жыл болду, эки кызыбыз бар. Тытынып, үй бетин көрбөй, суткасына 5-6 саат уктап иштеп атып, эки кабат үй салдым, машина жаңырттык. Чакан бизнесибиз да жакшы жүрүп, бактылуу жашап жатканбыз. Оокат алып, конокторго барып, жакшы кийинип, карым-катнаш күтүп дегендей, өзүмдү бактылуу сезип жүргөндө бир жаман ишке кабылдым. Аялым экөөбүз сүйлөшүп үйлөнгөнбүз. Бир да жолу текшерип телефонун караган эмесмин, жаман ой да болгон эмес. Бирок телефонун эч кимге карматчу эмес, кыздарыбызга дагы. Былтыр карантин убагында үйдө болуп, аялымдын кээ бир мурун байкабаган нерселерин байкап баштадым. Күндө бир маал короого чыгып кетип сүйлөшүп келет, «ким?» десем, «үйдөгүлөр» деп коёт. Сүйлөшкөндөн кийин башкача бактылуу болуп калат. Ата-энеси жакын жашайт, күн алыс эле катташат. Бир күнү телефонун машинада унутуп калыптыр, улам чальп, «алып келип бер, же өзүм барып алып кетем» дейт. «Мен Сокулукта сарайдамын, жумушчуларга азык-түлүк алып барып берип, анан барам» десем, кыйкырынып урушуп кеттик. Бул не анча деп телефонун алып карасам, блокто. Экранында графический паролунун изи байкалганынан ачсам ачылып кетти. Сөздүн кыскасы, менден мурунку жигити менен сүйлөшөт экен, мени менен жүргөндө деле сүйлөшчү окшойт, аялым ага акчалай жардам берет экен. Эми перепискада эмнелер гана жок, интимный сүрөттөр, сүйүүгө толгон сөздөр. Бир айда 2-3 жолу жолугушуп жүрүптүр. Стресс, шок, өзүмдү адам сыяктан чыгарып, боктон да жаман сезип, өтө жаман болдум. Анысы эч жерде иштебеген шпана экен. Мен алтын алып берсем эле «жоготуп» алчу, көрсө, тигинисине берчү экен. Үйдөн акча, телефон тез жоголчу. Эми балдарымды кыйбай, эмне кыларымды билбей шагым сынып отурам. Адилет

Аргумент.kg